Ош шаарында массалык веложүрүш болду

Бүгүн, 15-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында “Сергек жашоо” урааны менен массалык веложүрүш болуп өттү. Ага спорт сүйүүчүлөрү, жаш активисттер катышканы тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы спорт тармагында ийгиликтер көп экендигин айтып, сергек жашоо менен дени сак өлкөнү өнүктүрүү жеңил экендигин белгиледи. Веложүрүштүн башкы максаты - тургундарды спортту сүйүүгө үндөө.

Веложүрүштүн соңунда атайын көңүл ачуучу программа, интерактивдүү конкурстар уюштурулуп, жигердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөндөргө белектер берилди. Ошондой эле иш-чара эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт, экстремалдык трюктар жана бий топторунун бийлери менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
UlukmanKalyev
2017-04-15 15:35:06
Аябай сонун болду, өркүндөй бер өсө бер Ошум Кыргызстаным.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан