"Ислам мамлекети" тобу АКШ таштаган "Бардык бомбалардын энесинен" бир да жоготууга учурабаганын жарыялады

Эскерте кетсек, 13-апрелде АКШ Ооганстандагы "Ислам мамлекети" террордук тобу жайгашкан аймакка "Бардык бомбалардын энеси" деп аталган бомба таштаган.

Франс Пресс агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен, бомбадан террордук топтун 90дой жоочусу каза болгонун жазып чыккан. Ал эми жума күнүн ушул эле агенттик "Ислам мамлекетинин" билдирүүсү тууралуу жазган. Анда АКШнын бомбасынан бир да жоготуу болбогонун билдиришкен террорчулар.

АКШ бул бомбаны алгач 2003-жылы сынаганы жазылат маалыматтарда. Ал эми 13-апрелде Ооганстанга 9,5 тонналык бомба таштаганын айрым эксперттер жана саясатчылар АКШ бомбасын дагы бир жолу сынап, башка өлкөлөрдү коркутуу максатында кылганын билдиришкен.

Ооганстандын экс-президенти Хамид Карзай АКШнын бул кадамын сындап, Ооганстанды бомба сыноочу полигонго айлантып алуу аракетин көрүп жатканын айтып, тургундарды буга каршы чыгууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
raykray
2017-04-15 22:17:06
банда кимдерге тийди зыяны((
0
tyrgon
2017-04-15 23:27:23
тупойлордун урушу игил просто шоу группа
0
Bekzamann
2017-04-16 08:33:45
АКШ айбан экенда.АКШ жургон жерде согуш акмактар экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан