Der Spiegel немис журналы мадриддик "Реалдын" жана Португалиянын курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2010-жылы ал зордуктаган кызга 375 миң доллар бергенин жазып чыккан.
Журналдын булагынын айтымында, окуя 2009-жылы Лас-Вегаста футболчу өргүүдө жүргөндө болгон. "Роналду зордуктаган" делген кыз ал кезде 20 жашта болгону жазылып, ысымы аталган эмес. Эки тарап 2010-жылы келишип, футболчу кызга 375 миң доллар берген. Өз кезегинде жабырлануучу айып коюудан баш тартып, бул маалыматты таркатмак эмес.
Белгилей кетсек, Роналду алгачкы ирет мындай кылмышка шектелген жок. 2005-жылы футболчу "Манчестер Юнайтед" клубунда ойноп жүргөн кезинде 2 аялга сексуалдык зомбулук көрсөткөнгө шектелип кармалган. Кийинчерээк андан бардык айыптар алынган.
Журналдагы макала тууралуу Роналдунун агенти Жорже Мендеша өзүнүн сайтына төмөнкүлөрдү билдирген:
"Бул макала журналисттик фантазия. Сюжет бир дагы кол коюлбаган документтерге, Криштиану Роналдуга тиешеси жок адвокаттардын электрондук каттарына негизделген. Ойдон чыгарылган кат Роналдуга жиберилген экен, бирок ал катты эч качан алган эмес. Der Spiegel журналындагы маалымат калп. Роналду ага каршы бардык аракетин көрөт".