Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылында Ындабай участкасында узундугу 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000 метр кубду түзгөн жер көчкү жүрүп, бир турак үйдү ээси менен басып калган.
"15-апрель күнү саат 12:00дөр чамасында үй ээси Сүйүнбек Касымовду издөөгө Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн түштүк борборунан 1 даана жүктөгүч, ал эми саат 17:00гө кошумча 1 даана экскаватор тартылды, издөө иштери уланууда", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Эскерте кетсек, ал участок башта кооптуу аймак деп табылган эмес.