15-апрелде Бишкек-Торугарт жолунун 24-чакырымынан Чүй дарыясын бойлой активисттер 300 мырза терек отургузушту. Бул тууралуу "Прогрессивдүү демилгелер фонду" кабарлады.
Мырза теректер чек араны жана дарыянын жээгин бекемдөө үчүн отургузулган. Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасынын айрым тилкелери Чүй дарыясы менен гана белгиленген. Акыркы жылдары суу Кыргыз жээгин жеп, мындан улам чек ара жылып жатат.
Мырза теректер өзгөчө кам көрүүнү талап кылбагандыктан отуругузулганын белгилешет уюштуруучулар. Мындан сырткары активисттер бул аймактагы таштандыны жыйнашты.