2016-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин 8 миллион 858 миң 432 рубль тапкан. Бул тууралуу документ президенттин сайтында жума күнү, 14-апрелде жарыяланган.
Өткөн жылга салыштырмалуу анын кирешеси 33 миң рублга төмөндөгөнүн РБК басылмасы жазган. Анын менчигинде 1,5 миң чарчы метр жер тилке, 77 жана 153,7 чарчы метрлик батир жана 218 чарчы метр гараж бар. Бардык объекттер Орусиянын аймыгында. Мындан сырткары өлкө башчынын наамына ГАЗ М21, "Нива" жана "Скиф" прицеби катталган.
Ал эми Дмитрий Медведевдин декларациясына ылайык, анын кирешеси 8,58 миллион рублга барабар болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 181 миң рублга аз. Анын жубайынын кирешеси болгон эмес.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жана анын аялы Татьяна Навка экөөнүн кирешеси 133,6 миллион рубль болгон.