Бүгүнкү АКШдагы Калифорния штатынын Беркли шаарындагы чогулуш Дональд Трамптын каршылаштары менен тарапташтарынын урушуна алып келди. Бул тууралуу East Bay Times гезити жазып чыккан.
Жүздөгөн адамдар борбордук сейил бакка жана анын жанына чогулушкан. Полиция мушташ чыкканын кабарлап, петардалар жарылып жатканын билдирген. Бир нече адам жабыркап, айрымдарынан тыюу салынган буюмдар алынган. АКШда салык төлөөчү күндүн алдындагы бул чогулуштун катышуучулары президенттин декларациясын жарыялоону талап кылышкан. Өлкө боюнча 150дөн ашуун нааразылык акциялары белгиленген. Ошондой эле мындай акциялар Европа, Япония жана Жаңы Зеландияда дагы өтмөкчү.
Трамптын тарапташтары менен каршылаштары ортосунда чыккан бул урушта 20дай адам кармалганы маалым болду. 11 адам жаракат алып, алардын 7өө ооруканага жиберилген. Ал эми бирөөсү бычак менен сокку жеген.
Бардык катышуучулардын саны 700гө жакын. Трамптын тарапташтары анын "Американы кайрадан улуу кылуу" сөзү менен тууларды көтөрүшсө, каршылаштары "Американы коргоо" жана сөз эркиндиги, расимзге каршы күрөшүү тууралуу жазуулары менен чыгышкан.