Өлкө башчы христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-апрелде өлкөдөгү христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады.

"Сиздерди христиандардын эң негизги майрамы - Пасха менен куттуктайм. Жакшылыктын, биримдиктин, сыйдын, тынчтыктын жана ынтымактуулуктун идеяларын алып жүрүүчү майрамдар биздин коомчулукта өзгөчө орунду ээлейт. Кыргыз эли Нооруз, Орозо, Курман Айт, Рождество жана Пасха майрамдарын бирге белгилегени жакшы салтка айланууда. Бул биздин эл үчүн өлкөнү бириктирген, анын өнүгүшүнө руханий негиз түзүп жаткан баасы жок дөөлөт.

Пасха майрамы адамдардын жакшылыкка жана адилеттүүлүккө болгон ишенимин бекемдөөсүн каалайм. Урматтуу мекендештер, сиздерге бакыт, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайм!" - деген өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
e-moe
2017-04-16 18:41:38
Биягы куник болдуго
+14
e-moe
2017-04-16 18:42:33
Куйо баламын майрамы деп койбоптурда бир жолу
+16
moskyrsat
2017-04-16 19:00:49
Аяшдинда майрамы бирок
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-16 19:25:13
Койгулачы эй Иса алейхи саламды бекер куноого батырбагыла кудай деп бир кудай бар ал Аллах.
+11
admin_superstan
2017-04-17 10:33:53
aibars, сайттан ката тапсаңыз,
катаны белгилеп, Ctrl+Enterди басыңыз.
0
admin_superstan
2017-04-17 10:35:18
meni_kut, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан