Индияда 8 күчүктү энесинин көзүнчө өлтүргөн аял 5 жылга камалат

Индиянын Кришнагар шаарында 8 күчүктү энесинин көзүнчө өлтүргөн аялга кылмыш иши козголду. Эгерде аялдын айыбы далилденсе, 5 жылга темир тор артына киргизилери жазылат чет элдик маалымат каражаттарында.

Индияда жолбун ит, мышыктардын саны абдан көп. Бийлик жана аларга кайдыгер карабаган жарандар тарабынан атайын жайлар салынып, жаныбарларды коргоо уюмдары ачылганы менен көйгөй толук чечилбей келет. Ошондой жолбун иттердин бири Амма 8 күчүгүн багуудан кыйналып, жергиликтүү жашоочулардын биринин үйүнө жакын келип жайгашкан.

Бирок Амманын үйдүн ээси тамак-аш берип турат деген үмүтүн таш каап, кожойке каардуу жорук жасаган. Ал Амманын көзүнчө ар бир күчүктү таш менен башына чаап, жерге уруп өлтүргөн. Муну көргөн Амма аны токтотууга аракет кылган, жансыз жаткан ар бир күчүктү жыттап көрүп, тирүүсүн таба алган эмес.

Ал эми каардуу аял "муну итке сабак болсун, экинчи менин короомо келбесин деген таризде жасагам" деп актанууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aselina87
2017-04-17 11:37:25
Ozun bawka uwintip chapsa eken.itke boorum oorup atat.ene da
+7
ayjan_90
2017-04-17 11:39:29
Мына сага закон а бизде болсо акча чечип калган баары жокту
+10
Artur555
2017-04-17 11:48:24
Бизде ит эмес, адам олтуруп жатса да камабайт, жумуштан бошотуп койот камабай. Эгерде карапайым болсо кылбаганды кылдын деп мойнуна илип камап салат. Чиновниктер камалбайт.
+14
Lili
2017-04-17 11:55:01
Кандай гана мыкаачы болуш керек ээ мындай кылыка барыш учун... гринпистердин кучу менен ызы чуу болуп, бул иш закон турундо каралып жатат, болбосо канча жаныбар кор болот...
+4
panda7
2017-04-17 11:57:27
Куда кааласа мен ПРЕЗИДЕНТ болсом коргозом ЖЕПЖУТАРЛАРГА!
+9
adimyrza
2017-04-17 12:12:55
Бизде ит эмес Адам олтургондор да эркиндикте журот
+3
Nazikbaigazy
2017-04-17 12:14:23
Айбан дейин десен айбанчалыкда жок экенда, ошо Амма чалык да болбосон башка соз жок.
+5
Atas
2017-04-17 12:30:22
Tash boor ayal eken *
+3
temirov76
2017-04-18 09:29:32
Мыкаачы экен го.
+1
AykaMer
2017-04-18 10:09:36
Байкуш Амма ит болсо да энелигин унутпай олгон балдарын жыттагылап тируусун издегенин... Тиги аял жаныбарларга ушунчалык жестокий мамиле кылса анда жакшылык кутууго болбойт... Бир чыны ашып калган тамагы жок бекен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан