Шашылыш билдирүү! 17-21-апрелдердеги жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

17-апрелден 21-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыздын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашууларында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ошондой эле 17-19-апрелде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

"Буга байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулуусу талап кылынат. 17-19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан