"Чет өлкөгө кетем" деп дайынсыз жоголгон Марлен табылды

Дайынсыз делген 15 жаштагы Марлен Айбар уулу табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына анын апасы Гүлзат Асанбекова билдирди.

Анын айтымында, Марлен кечээ Бишкекте жүргөн жеринен табылды. "Марлендин айтымында, 8 айдан бери кордук көрүп келген. 3-апрель күнү Нургазы деген бала катуу сабаптыр. Мындан улам 4-апрель күнү кетип калган. "Үйгө барсам, атам урушат" деп, Казакстанга кетип калууну ойлогон экен. Ал Бишкекте атасынын үйү тарапта жүргөн жеринен дос балдары табышты. Азыркы тапта Токмоктогу медресеге жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө бара жатабыз", - дейт Асанбекова.

Айта кетсек, 13-апрель күнү SUPER.KG порталына Гүлзат Асанбекова кайрылып, 15 жаштагы баласы Марлен Айбар уулунун 4-апрелден бери дайынсыз экенин билдирген болчу. Асанбекованын айтымында, баласы Токмок шаарынын 3-кичи районундагы медреседе жашап, окуп жүрчү. 4-апрель күнү ошол жерден чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Дайынсыз делген баланын досуна калтырып кеткен катында, медреседеги балдардан запкы жегени жазылган. Муфтият Марлен "медреседе окуган да, жашаган да эмес" деп маалымдаган.

Буга чейин Чүй ОИИББи 15 жаштагы Марлен Айбар уулу изделип жатканын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alixan-Nookat.2015
2017-04-17 12:08:04
Акыркы күндөрү кимге ишеништи дагы билбей калдым бардыгы окшоштурат дейсиң ишенесиң.
+8
Dindinka
2017-04-17 12:13:10
Аман эсен табылганы Жакшы болду.
+5
Erbol03
2017-04-17 12:28:18
Мен Марлендин апасына ишендим.Медреседе окубаган баласын,жоголбогон баласын кантип эле жоголду деп айтмак.А Муфтиятты эмне себептен андай бала окубайт деп жооп кайтаргандарына тушунууго болбойт.
+10
Stervamyn
2017-04-17 12:38:37
Башка сайттарда бир нече балдар урган деп журот.Биякта бир бала урду дейт.Ишениш жок журналисттерге да
+6
Rustam25
2017-04-17 12:52:56
Апасы деле айтып жатпайбы Ал жер медресе эмес экен Деп!
+6
Mekush87
2017-04-17 13:19:28
Жок, бар ошондой медресе бирок окуган эмес дегени танкалыштуу.Кебетеси кеткен помещения ал медресе.Ал жакта кандай балдар окуйт билбейм.
+2
Ajar812
2017-04-17 14:05:23
Окуган десе балееге калам окубаган бтлбейм десе кутулам деген оной жооп
+1
Adi.Avazbekov
2017-04-17 14:20:31
Ал жер медресе эмес. Ал жерде болгону кыйналган уй булолордун балдары окушат экен. Башка жактан да окусанар. Ал жерди медресе деп туура эмес маалымат таркап кетиптир.
+7
deva
2017-04-17 14:57:34
Бул жайда менин таанышымдын баласы да окуган. Жанында мектеп бар экен ошол жерге барып окуп келишет. Мектептен кийинки убактарда дин боюнча билим алышат, ошол жерде жатышат. 30 миң төлөдүк деп жатышкан болчу. 1 жылга жетпей чыгып кетти баласы.
+1
meni_kut
2017-04-17 15:16:06
Корунуп эле турбайбы эркин жашоону,ичип чеккен женил жашоого качышат.Жаш да.Ата энеси тарбияланга кучу жетпей медресеге беришет.Онолбогон баланы тарбиялаш кыйын.тообо.
-6
mirbek2211
2017-04-17 16:14:32
Эмне себептен урганы жазылбаптыр, ким урганы дагы, медреседе окугандар урганбы? Териштириш керек сөзсүз, жоопко тартылсын.
+4
kyrgyzstan00
2017-04-17 17:01:01
Иий,жакшы эле болгон турбайбы???Отто кубанычтамын!!@
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан