Президент Алмазбек Атамбаев 17-апрелде "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
2017-жылы 9-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, жеке менчик мектептер пайдадан түшкөн салыктан жана кошумча нарк салыгынан бошотулушат.
"Бул мыйзам өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги боюнча маселелерди чечүү, жеке ишкерлерди колдоо максатында иштелип чыккан", - деп айтылат маалыматта. Мыйзам расмий жарыялангандан 5 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.