Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан каза болгон Кыргыз жараны С.С. 1967-жылы туулган. Мындан тышкары мекеме кырсыктан жабыркаган 2 Кыргыз жаранынын абалы туруктуу экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 14-апрелде Орусиянын Ленинград облусундагы Тосно районунда Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Бардыгы Тосно райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылган.
Кырсыкка кабылгандардын төртөө Кыргыз жарандары экени белгилүү болгон. Алардын биринин жаракаты жок болгондуктан үйүнө чыгарылган.