Кечээ, 16-апрелде Бишкектеги Байтик баатыр менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан маршруттук таксинин жүргүнчүсү №64-мектеп гимназиясынын 8-классында окуган Дастан Турусбеков баш мээсинен жабыркаган. Ал Сокулуктан ата-энесиникинен келе жаткан.
"Азыр кайсы авария болбосун, маршруттук такси катышкан болот. Мен деле мурун маршруттук такси айдагам. Шаарда жүргөн маршруттук таксилерге каттамга чыгарда ылдамдыкка чектөө коюп коюшса болбойбу? Уулума чалсам, "баары жакшы" дей берди, бир маалда башка бирөө телефонду алып, кырсык болгонун айтты. Дароо уулума келдим", - дейт Дастандын атасы Кубанычбек Байсариев.
Дастан Турусбековдун ашказаны, башы ооруп, көңүлү айланып жатканы маалым болду. Ал эми дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын билдиришти.
Эскерте кетсек, маршруттук таксинин айдоочусу оор жаракат алган эмес.