Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы жер көчкүдөн каза болгон жаран жерге берилди

15-апрель күнү Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы жер көчкүдөн каза болгон 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымов жерге берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Маркумга куран окутуу зыйнатына ыйгарым укуктуу өкүл Таалайбек Сарыбашов катышып, президент Алмазбек Атамбаевдин, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан акчалай жардамды тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 15-апрелге караган түнү Өзгөн районунда жер көчкү бир үйдү басып калган. Үйдүн ичинде жалгыз ээси да болгон. Анын сөөгү бир күндөн кийин табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2017-04-17 15:46:37
Жаткан жери жайлуу болсун, кудайым бейишинен орун берсин, жакындарынын баарына сабыр. Бей ажал өлүмдөн сактасын.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан