SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кантип депутат болсом болот?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эптеп бир партияга акча берип, орношуп алсаң, "келди-кетти" болуп сессияларда уктап жатканыңды көрүп калабыз, буюрса".
"Курсак салыш керек..."
"Депутат болуп, өткөн жашооңду унутуп, "өзүң билген" курсакка айланып, элдин назарынан калгандан көрө, жөн эле жүргөн жакшы. Эл үчүн татыктуу кызмат кылгандын депутатчылыктан да башка жолдору бар. Классташ балам бар, сабактан кыйратчу эмес, бирок табиятынан лидерликке умтулган бала. "Чоңойсом сөзсүз депутат болом" дечү, мектепте да коомдук иш-чараларга активдүү катышчу, ошол тилегине жетип, Ак үйдө отурат. Өтө карапайым, жайдаңдаган бала жок, агентте дайыма онлайн, бирок салам-алик деген жок. Биз го мейли, "Ак үйдө отурганда бизге окшогон карапайымдарды кайдан көрсүн" деп коюн-колтук алышып чоңойгон балдар да нааразычылыгын айтып келишет. Бир чети сыймыктансаң, бир чети ушундай өзгөрүлө түшкөнүн көрүп туруп, ээ, деп кол шилтейсиң. Менимче, белгилүү бир партияга мүчө болуу аркылуу депутаттыкка жетишти го. Сен да айылыңдагы аттуу-баштуу депутаттын партиясына өт да, аракетиңди кыла бер, балким, сени да Ак үйдөн көрүп каларбыз".
"Эгерде сиз жөнөкөй, келечекке болгон ишенимиңиз чоң жана кыргыз элине пайда келтирүүнү каалаган жигит болсоңуз, анда саясатка аралашпаңыз. Саясаттагылар өлкөгө пайда келтирип жатат деп ойлойсузбу? Саясатка аралашпай элге пайда келтирүүчү жумуштарды жасоого болот. "Жалгыз аттын чаңы чыкпайт" деген сөз бар, анын сыңарындай, канча патриот болбоңуз, баары бир чөйрөгө карап өзгөрүүгө мажбур болосуз. Азыркы саясатчылар деле саясатка алгач кадам шилтеп жатканда "эл үчүн" деген күчтүү сезим менен келсе керек, бирок ошол сезимдер өз курсагын ойлоо менен алмашып кеткен да".
"Депутат - эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө эмеспи. Эгерде ниетиң таза болсо, ал көпүрө сынбайт, ниетиң таза эмес, акчанын артынан сая түшөм десең, андай көпүрөдөн эч ким өтпөйт. Албетте, депутат болуу үчүн каалоо жана билим керек".
"Кантип саясатка аралашып, элиме пайда жумуш жасай алам? Менимче, экөө эки башка суроо. Эгер чындап мекенге кызмат кылам десеңиз, толгон токой көйгөйлөрдү четинен чече бериңиз. Жок, депутат болом десеңиз, анда эң биринчи, саясат, интрига, саясий оюн, кардинальство эмне экенин түшүнүңүз. Анан акча топтоңуз, кереги тиет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.