Кыргызда эреже бузган маршруттук каттамдардын жана такси кызматынын айдоочуларын катуу жазага тартуу сунушталууда

Кыргыздын активдүү жарандары эреже бузган маршруттук каттамдардын жана такси кызматтарынын айдоочуларын катуу жазага тартууну сунуштап, петиция түзүштү. Анын түзүүчүсү Алекс Гладышев маршруттук каттамдардын жана такси кызматтарынын айдоочулары көптөгөн кырсыктарга, ызы-чууларга себеп болсо да, убакыт көргөзгөндөй, жазаланбай келишерин жазып, көпчүлүгү айдоочулук күбөлүктү сатып алышкандыктан, жол эрежелерин билишпесин белгилеген.

"Кыргызга бир эле жолу келген киши да, кичи автобустардын, такси кызматынын айдоочулары жол эрежелерин көп бузушарын байкайт. Алар көптөгөн кырсыктарга себеп болсо да, эч кандай жазасын албай келишет. Андыктан айдоочулар борбордун көчөлөрүндө баш аламандыкты жаратууну улантышууда. Бул петиция менен Өкмөттү жана Ички иштер министрлигин мындай чоң көйгөйдү чечүүгө чара көрүп, эреже бузган коомдук транспорттун жана такси кызматынын айдоочуларын катуу жазалоого чакырам", - деп жазылган петицияда.

Петицияны колдогондордун саны 1028ге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Altyn10076
2017-04-17 17:16:41
Жакшы чечим экен ишке ашсын эми.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-17 17:29:28
Эгер кочого бир адам мылтык менен элди аткыласа адамдар качып кутулат бирок аткан киши камалат. А унаа айдап баратып клооун болуп тиги жерде гаи бул жерде гаи деп кабарлап бир жактан адам алып акча эсептеп телефондо суйлошот а аркасында 30 адам бар жана башка адамдар коп журот ошол эле убакта кырсык болсо унаадакы адамдар олушот алар качып чыгып кете алышпайт. Менин айтайын дегеним жол эрежесин бузгандарды кескин жазага тартып экинчи рулга отурбаш керек. Эмне биронун омуру ойунчукпу.
+1
abusait
2017-04-17 17:32:05
ГАИлерге мындай нерсе майдай эле жагатко. Ошолордон башташ керек реформаны.
0
uli96
2017-04-17 19:03:21
Машрутка айдаган байкелерибиз оз уйбулосун багайын деп оокат кылып журушот аларды да тушунуш керек!
+1
jonne
2017-04-17 19:06:42
Электронный билеттке откозуш керек водительтерге айлык толонуп берилсе болду адам талашбай жай Айдап калышат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан