Улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үйүндө "Кайрымдуулук" борбору ачылды

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде поллиативдик жардам көрсөтүүчү "Кайрымдуулук" бөлүмүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, аталган бөлүмгө 22 керебет коюлуп, төшөктөн тура албаган бейтаптар жаткырылды. Бул мекеме толугу менен оңдөп-түзөөдөн өткөрүлүп, жарык, жылуулук, ысык, муздак суу киргизилип, желдеткичтер орнотулган.

Мындан тышкары төшөктөн тура албагандар үчүн ыңгайлаштырылган керебеттер, астында дөңгөлөктөрү бар сүйрөп жүрчү столдор менен жабдылды. Учурда улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде 211 адам жашайт. Алардын 62си I, II, III топтогу майып, 38 адам төшөктөн тура албайт, алар күнү-түнү кароого муктаж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан