Өлкөдөгү мектептерде англис тилин үйрөнүү сабактарынын сааты көбөйтүлөт

"КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылынан тартып мектептердеги 5-класстын окуучуларына күн сайын 1 сааттан англис тилин кошумча окутууну сунуштайт. Буга катар информатика сабагын да жумасына 1 саатка көбөйтүү демилгеленүүдө", - деп маалымдалды бүгүн, 17-апрелде министрликтен SUPER.KG порталына.

Берилген маалыматка ылайык, Билим берүү министрлиги Кыргыз билим берүү академиясына "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси менен биргеликте чет тилин жана информатиканы эффективдүү үйрөтүү ыкмасын иштеп чыгууну тапшырды.

"Жаңы өзгөрүүлөргө ылайыктап мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтуна ЖОЖдордун жамааты менен биргеликте мектептеги окутуучулардын билимин жогорулатуунун программасын иштеп чыгуу тапшырылды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mira77
2017-04-18 19:04:21
Мугалимдерди да жаныртыш керек, а то карыган сабак отконго конулу жок мугалимдер айылдарда толтура
0
nur_zhoni
2017-04-18 22:31:26
Жакшы ото эле кобойтушуп салсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан