Бүгүн, 18-апрель - Тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын эл аралык күнү. Бул күндү белгилөө чечими 1982-жылы Эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча эл аралык кеңештин ассамблеясында, бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарды коргоп, сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу максатында кабыл алынган. Майрамдын девизи - "Тарыхый мекенибизди сактап калалы".
Кыргыз мамлекети дагы тарыхый эстеликтерге бай өлкө катары бул күнгө маани берип белгилейт жана өлкөбүздө көңүл буруп коргой турган Манастын күмбөзү, Бурана, Өзгөн мунаралары, Таш-Рабат сыяктуу тарыхый эстеликтер менен өрнөктүү жайлар арбын орун алган.
18-апрелге карата жылнаама.