Бүгүн, 18-апрелде Оштон Москвага учкан учак абага көтөрүлүп кайра аэропортко кайтканын окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
"S7 968 каттамындагы учак 88 жүргүнчүсү менен саат 07:45те учкан. Жарым сааттан кийин кайра Ошко келип кондук. Учактын астынкы айнеги сынып калгандыктан кайтканыбызды айтышты. Качан учарыбыз белгисиз. Учурда аэропортто отурабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.