"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош аэропортунан учкан учак техникалык себептерден улам кайра кайтты

Бүгүн, 18-апрелде Ош аэропортунан учкан учак техникалык себептерден улам кайра кайтты. Бул тууралуу аталган аэропорттон SUPER.KG порталына кабарлашты.

"Учак техникалык себептерден улам кайра конууга аргасыз болду. Учурда аны аэропорттун адистери карап жатышат. Эгер учууга жарамдуу болсо, учак кайрадан Москваны көздөй учат. Кайсы убакта учары азырынча белгисиз", - деп билдиришти аэропорттон.

Ал эми окурман жүргүнчүлөргө башка учак келерин айтышканын маалымдады.

"Бизге башка учак келет дешти. Болбосо Новосибирсктен учактын айнегин алып келип салып, кайра эле ушул учак менен учарыбызды айтышты", - деди окурман.

Эскерте кетсек, окурман бүгүн "Элдик кабарга" абага көтөрүлгөн учактын айнеги сынганы үчүн кайрадан аэропортко кайтканын кабарлаган.

Ош аэропортунан учкан учак кайрадан кайтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adi_ko.kg
2017-04-18 10:44:13
Шумдукго
0
gulmira12345
2017-04-18 11:04:51
негизи запаста 1 самолет болуш керек анын ордуна сразу учуп кетиш керек мисалы башка жактарда ошондой пассажирлер сразу отуруп кайра учуп кетишет
+1
zhumagul89
2017-04-18 22:39:22
Биздики бир самолетту запаска койбой эле бир нормальный суйлой турган созун запаска коюп алсынчы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан