Абсамат Масалиев менен Хайрыхан Козубаеванын 4 баласы бар.
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын депутаты Исхак Масалиевдин апасы, коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин аялы Хайрыхан Козубаева 17-апрелде 78 жашында дүйнө салды. Бүгүн, 18-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилет.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү катышууда.
Абсамат Масалиев менен Хайрыхан Козубаеванын 4 баласы бар.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Хайрыхан Козубаеванын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.