БШКнын мүчөсү: "Президенттик шайлоо күнү боюнча талашка Конституциялык палата чекит коюшу керек"

Президенттик шайлоо күнү боюнча "Ата Мекен" фракциясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын талашына Конституциялык палата чекит коюшу керек. Бул тууралуу 18-апрелде SUPER.KG порталына БШКнын жетекчисинин орун басары Атыр Абдрахматова билдирди.

"Конституциянын 6-беренесинде "Конституция эӊ жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал мамлекетибизде түздөн-түз колдонулат" деп жазылган. Башка бардык мыйзамдар Конституциянын негизинде кабыл алынышы керек.

Ал эми президентти шайлоо боюнча мыйзамдын 48-беренесинде шайлоо күнү так жазылып калган. Ошол себептен мыйзамдын кандай ишке ашырылары жөнүндө "Ата Мекен" менен БШКнын ортосундагы кайчы пикирлерге акыркы чекитти Жогорку Соттун Конституциялык палатасы коюш керек. Же "Ата Мекен" фракциясы президентти шайлоо мыйзамына түзөтүү киргизүү демилгесин көтөрүшү керек", - деди Абдрахматова.

"Ата Мекен" президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоону сунуштоодо. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт, бул учурда азыркы президент кызматта туруу мөөнөтүн узартып алат деп жатышат "ата мекенчилер".

БШК президентти шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга таянып, шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө. Бирок азыркы президенттин мыйзамдуу мөөнөтү кайсы күнү бүтөрүн так маалымдаган жок. Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында кызматына киришкен. Конституцияга ылайык, 2017-жылдын 1-декабрында анын мыйзамдуу мөөнөтү толук бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан