ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: 99 жыл мурун залкар манасчы Жусуп Мамай жарык дүйнөгө келген

Мындан 99 жыл мурун, 1918-жылы 18-апрелде Кыргыз Республикасынын Баатыры, КРнын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси, айтылуу манасчы Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий жергесиндеги Кара-Булак айылында туулган. Атасы Мамай бардар, оокаттуу адамдардын бири болгон. Манасчы жаштайынан эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы аны алты жашында айылдагы молдонун колуна берет. Жусуп Мамай бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен. Агасы Балбай ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында "Манас" эпосун жыйноо иштери менен алектенген. Жусуп Мамай эпосту агасынын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн. Башка манасчылардай эле Жусуп Мамайдын да "Манас" айтып калышына көргөн аян түшү себеп болгон. Манасчынын айтымында, алгачкы ирет ал 10 жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө ал жайдак буурул ат минип келип, "эй, бала, жакшы билип ал, тээтиги эң алдыда тургандар Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар Алмамбет, Чубак, Сыргак. Мен Ырчы уул болом" деген. Баатырлар Жусуп Мамайга аян бергенин билгенден кийин атасы Мамай уулуна "Манас деген тирүү олуя. Кырк жаштан өтмөйүнчө Манас айтпа" деп акыл-насаатын айтат. Атасынын сөзүнөн чыкпай, Манасты эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болгон.

16 жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин кайсы бир чогулушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен улап айтып кирет. Ошондон кийин Жусуп Мамай калайыкка манасчы катары таанылат. 1966-жылы Кытайда "Маданий революция" саясаты башталгандыктан, 1978-жылга чейин Жусуп Мамай саясий куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары учурунда агасы Балбай айтып берген "Манастын урпактары тууралуу баянды" Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Кыргыз өлкөсүнө манасчы биринчи ирет 1992-жылы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына келген. 2014-жылдын 30-майында манасчыга Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Бирок сыйлыкты алууга жетишкен эмес. 2014-жылдын 1-июнунда таңга маал Жусуп Мамай туулуп-өскөн айылынын ооруканасында кайтыш болгон. Сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилген.

15-апрелде президент Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайга берилген "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку наамын "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен анын уулдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырды.

18-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан