Баткен шаарындагы Булак-Башы айылына каттаган маршруттук таксилер техникалык себептерден улам өз убагынан кечигиши мүмкүн экенин SUPER.KG порталына бүгүн, 18-мартта Булак-Башы айылынын башчысы Абдыгапар Турдубаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Баткен шаарынан Булак-Башы айылына маршруттук таксилер бир күндө 5 жолу каттам жасашат. Бул каттам негизинен эртең менен мектеп окуучулары мектепке баруучу убакыттан башталат. Айрым учурларда техникалык себептерден кечигип калышы мүмкүн. Негизинен каттам туруктуу иштеп жатат. Жалпы 30дан ашуун кичи автобус эл ташуу кызматын аткарат", - деди Абдыгапар Турдубаев.
Маалыматка ылайык, Булак-Башы айылында 400дөн ашуун кожолукта миңдей тургун жашайт.
Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Булак-Башы айылына маршруттук такси өз убагында каттабай жатканын айтып нааразылычылыгын билдирген.