SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмуш курууда жерлигине карайсыңарбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мурун маани берчү эмесмин, азыр карайм, көрсө, төркүнүмдөн алыс кете албайт экенмин. Бирок эч качан өзүмдүн айылымдан же райондон чыккан балага тиймек эмесмин. Анча жакын төркүндүн да кереги жок. Кайсы жактан болбосун, шаарда деп айтпайм, бирок Чүй облусунда жашаса турмуш кура бермекмин. Башкысы иши кылып, эптеп эрге тийип алсам эле болду".
"Мурун "алыс кетпе, жакын жерге эле барганың жакшы" дечү апам. Азыр өзүн-өзү эптеп кете алат деп көзү жеттиби, "иши кылып кайда барсаң да бактылуу болсоң болду" деп макулдугун берди".
"Эң негизгиси акылдуу, түшүнүктүү, жөнөкөй кыргызымдын кызы болсо болду, жерлиги кызыктырбайт".
"Жерлигине карагандардын бир олуттуу аргументи бар, ал - адамдардын ошол жашаган жердеги кабыл алынган өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары. Анан жаңы жерге келин болуп барган кыздын ошол жерге сиңип кетишине карай айтылган ойлор болсо керек. Ал эми кээ бирлердин "баланча бул жактык, ошол жактыктарды жек көрөм" дегендерин наадандыктын дал өзү деп эле билем".
"Чөйрө тарбиялайт дегенине толук ишенем, мектепте окуп жүргөндө "Оштон албаш керек, алар мындай, тигиндей" деп досторум айтчу, мен да "оштук албайм, албаш керек" деп жүрчүмүн. Окуу жайда окуп жүрүп, оштук балдар, кыздар менен достошуп, өзүмө өзүм таң калгам, "эмнеге жаман көрчүмүн, aйырмабыз кайсы, бир эле кыргызбыз да" деп. Азыр мен үчүн кайсы жерден экени мааниге ээ эмес, жерлигине карабайм, эң башкысы бири-бирибизди сүйүп жана түшүнө билип, турмуш куруп, бактылуу болушумду гана тилейм".
"Жерлигине карайм деп нарындык сулууну жоготуп, азыр дале таппай жүрөм..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.