"Кыш мезгили бул жылы 6 айга чейин созулду" деген тамаша-чыны аралаш кептер быйыл көп айтылды. Жаздын келгенине 2 айдын жүзү болсо да кээде суук болуп, күн жылыбай, жаан-чачындуу аба ырайы уланууда.
Кыргыз гидрометеорологиясынын берген маалыматына ылайык, эртеӊ, 19-апрелде мезгил-мезгили менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жогоруда жаз жамгырынан кийинки кооздукту чагылдырган сүрөттөр топтомун тартуулайбыз.