Баткен шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы 70 отургуч жана таштанды үчүн челектерге тендер жарыялайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Акраман Акматов бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
"Баткен шаарында 2 сейил бак бар. Аларга жана шаарга жалпысынан 70тен отургуч жана таштанды таштоочу челектер орнотулат. Жакын арада мамлекеттик сатып алуу порталына тендер жарыялайбыз. Азырынча 20ны жасатабыз, калганын кийинчерээк. Ар бир отургуч таштанды таштоочу челеги менен 12 миң сомдой болот", - деди Акраман Акматов.
Маалыматка ылайык, эки сейил бактын аянты 2 гектарды түзөт. Учурда аларды "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тазалап турат. Ал үчүн 6 кызматкер бөлүнгөн.
Эскерте кетсек, окурман Баткен шаарындагы сейил бакта таштанды таштоочу челек жоктугун кабарлаган.