Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-апрелде орто кылымдардагы Кыргыз тарыхын изилдөөгө салым кошкон окумуштуулар, археолог Юлий Худяков, этнограф Виктор Бутанаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыздар Эне-Сай жана Монголиянын түндүк-батыш тарабынан тартып Тянь-Шань, Фергана, Памир өрөөндөрүндө жашаган деген гипотеза илимий талкууну жаратып келген. Ага ылайык Эне-Сай жана Тянь-Шань кыргыздары бир эл. Эне-Сай (VII-VIII) жана Кыргыз (IX-X) каганаты - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн этаптары болуп саналат. Буга сиздердин эмгегиңиздер далил", - деди президент.
Мамлекет башчы 2040-жылы Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгы болорун белгилеп, орто кылымдагы Кыргыз тарыхы тууралуу жаңы илимий ачылыштардын маанилүүлүгүн айтты.