Бишкекте Владимир Путиндин бейформал сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду

Бишкекте бүгүн, 18-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий эмес жолугушууларда тартылган сүрөттөрү коюлган көргөзмө ачылды. Сүрөттөр "Московский комсомолец" гезитинин фотокабарчылары Александр Астафьев менен Наталья Губернатороваларга таандык.

Владимир Путинди коштоп жүргөн фотографтар Орусиянын президенти бейформал жолугушууларда кандай экенин көрсөтүү үчүн тарткан сүрөттөрүн көргөзмөгө коюуну чечишкен.

Анда Путиндин дүйнөлүк лидерлер, карапайым калк менен жолугушуусу, маданий иш-чараларга катышып жаткандыгы, эс алуудагы, иш сапар учурундагы эмоциялуу мезгилдери тартылган сүрөттөрү бар.

Фотокөргөзмө Кыргыз Республикасы менен Орусиянын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган. Иш-чараны "Россия" медиаборбору, "Московский комсомолец" басма үйү, Кыргыз-Орус Славян Университети Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан