Бишкекте 18-апрелде "Адам укуктарын жакшыртууну ишке ашыруудагы Кыргыз мамлекети менен жарандык коомдун кызматташтыгы" аталышындагы форум өттү. Форум Евро Биримдиктин "Кыргыз өлкөсүндө мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Адам укуктарын ишке ашырууну талкуулаган мындай форум жыл сайын өткөрүлүп турат.
Форумда 2015-2016-жылдардагы адам укуктарын жакшыртуу тууралуу сунуштардын жүзөгө ашкандыгы талкууланды. Ага депутаттар, президенттин аппаратынын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик ведомстволор, элчиликтер жана консулдар, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышты.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Адам укуктары боюнча уюмдун сунуштары эске алынып, ишке ашырылып жатканын белгиледи.
“Адам укуктары боюнча уюм жыл сайын мамлекеттик ведомстволорго, министрликтерге өз сунуштарын жөнөтүп турат. Анын арасында бизге келген сунуштарды эске алуу менен, биз бала багып алууну каалаган үй-бүлөлөрдү окуудан өткөрдүк. 2014-2015-жылдары баланы алгандан кийинки аракеттер жөнүндө 36 үй-бүлө окуудан өттү. Балдарды багып алуу же камкордукка алуу мыйзамдары жакшыртылды”, - дейт Полотова.