Ошто 8 миллион сомдук көпүрө ишке киргизилди

Бүгүн, 18-апрелде Ош шаарындагы Достук аймактык кеңешиндеги “Кайырма” каналына курулган жаңы көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Анын ачылышына мэр, шаардык кеңештин төрагасы, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев унаа тыгындары дүйнө жүзүндөгү негизги көйгөй экендигин айтып, жолдорду, көпүрөлөрдү куруу менен тыгындарды жеңилдетүүнүн камы көрүлүп жаткандыгын билдирип, 3 жылдын ичинде бул көпүрө үчүнчү салынган көпүрө экенин, ал эми төртүнчү көпүрө жай мезгилинде бүтөрүн белгилеген.

Көпүрөнүн сметалык баасы 8 миллион сом, ал эми тендердик баасы 5,4 миллион сомду түзгөнү маалым болду. Узундугу 12 метр, туурасы 11,8 метр болгон курулуш 2016-жылдын төртүнчү кварталында башталган. Көпүрөнүн айланасында үч чоң квартал жайгашып, 10 миңден ашуун шаардыктар жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
arzygulR
2017-04-18 18:34:07
Менда кандай копуро экен деп ача салыпмын макул коп каражат кетирсе да салыныптыр шугур ушунусна да
+8
Oylonkyrgyzym
2017-04-18 18:35:07
Асфальттын үстүнө гилем салып алганы эмнеси?!
Бу кандай адамдар башкарып атат өзү бизди?!
+8
Omush94
2017-04-18 18:40:00
Кой е ушу да 8 миллион сомдукбу
+8
elmurat.kg
2017-04-18 19:05:44
биз кыргыздар эч шугур кылбайбыз.только бирдеме таап чукуп турак болду.ошого онукпойбуз чукуп жатып омур отуп ктет.
-9
scorp
2017-04-18 19:33:31
Мультфилимго бул жагы :D
+4
Kroxa
2017-04-18 19:33:38
1 миллион десе ишенмекмин..
+8
KGstan1981
2017-04-18 19:46:09
Элдер уккула укпадым дебегиле.Бийлик Дача-Сууда митингке чыккан элди камап жатат экен.
+9
scorp
2017-04-18 19:47:18
KGstan1981,Ким айтты???
+1
kamchatka
2017-04-18 19:54:19
Ушундай копуродон дагы бирону 22миллионго куруп жатабыз
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-18 21:27:00
Айланайын ХХХ сууну булгабагылачы ак буураны сактагыла
-3
shirinai
2017-04-18 22:22:02
Алладан коркпой кантип 8 млн деп айтат? Куйбогон жерин кул болот да((((
+3
Kleopatra01
2017-04-18 23:19:31
Оштун мэри озбектерди аябай жакшы корот. Бардыгын ошолорго кылып берет. Каршы деле эмесмин болгону оз элин биринчи колдоп алса сый табат да. Жанк тарды корсонор качан болсо ошолорду аралап эле жургон болот.
+4
Azatbek83
2017-04-19 01:06:25
Менда ойлопмун чон копуро деп реклама кылбай эле койбоптур куздо коробуз жаандан кийин 8 миллион ишенбей турам
+3
Bek_Kazan
2017-04-19 03:24:35
Как будто чооң көпүрөнү ачкандай ачылыш кылып алышыптырго
+1
Best.bakyt
2017-04-19 03:53:49
Пай пай кочодогу эле ушакчы катындардай ушул жактыктар деле бир нерсеге ыраазы болгон кунунор барбы. Кайда болсо ушулар наалып эле журушот. Жасаса жасады деп наалыйт,жасабаса таштап салды деп наалыйт деги аман эле болгулачы. Копуро беш сомго салына калат деп ойлошот го.
-2
admin_portal
2017-04-19 10:37:40
Jigitchem, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан