Жалпак-Таштагы турак жайы жабыркаган жашоочулар толук түрдө чатырларга көчүрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында 15-апрелде саат 10:00дөн баштап Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесинде көлөмү болжол менен 900 000 метр куб жер көчкү колоттун ичи менен 3-4 чакырым аралыкка жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана 1 бүтө элек турак жайга 10 метрге жетпей калган.

Андан сырткары Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу жабылган.

16-апрель күнү жер көчкү коркунучундагы 6 турак жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан турак жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орундуу чатыр тигилип, 6 үй-бүлө жайгаштырылган.

17-апрель күнү тигилген чатырларга Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр энергиялары тартылып киргизилген. Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы ачылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан