Ошто жазгы жашылдандыруу иштерин күчөтүү боюнча катуу талаптар коюлду

18-апрелде Ош шаардык мэриясында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча 3 айлыктын жүрүшү тууралуу жыйын болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов жана аймактык кеңештин төрагалары, тиешелүү тармак жетекчилери катышышты.

Рамановдун айтымында, шаардын аймагындагы арыктарды, суу өтмөктөрүн тазалоо, оңдоо иштеринин аткарылышында айрым аймактык кеңештер начар иштеп жатат. Ошону менен бирге протоколдук тапшырмага кирген Мамыров көчөсүндөгү өтмөктү тазалоого ДЭП-21 ишканасына тапшырма берилсе, аталган ишкана эч кандай маалымат бербегендигин Раманов айтып өттү. Вице-мэр Топчубаев бул боюнча аталган ишкананын өкүлүнө кемчиликтерди оңдоого 2 күн мөөнөт берди.

Шаардагы массалык ишембиликтердин кандай өтүп жаткандыгы тууралуу А.Топчубаев бир катар аймактык кеңештердин, айрым окуу жайлардын иштерин сынга алып, арыктарды тазалоо иштери солгун жүргөндүгүн белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө шаардагы тазалык боюнча фоторепортаж көрсөтүлүп, ал жердеги кемчиликтерди тез арада оңдоого тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан