Парламентте Боинг кырсыгы боюнча өкмөт иштебей жатканы, дале компенсациясы төлөнө электиги айтылды

Бүгүн, 19-апрелде парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Боинг кырсыгы боюнча өкмөт иштебей жатканын айтты.

"Компенсациясы төлөнүп бериле элек, элден чогулган каражат бөлүнүп берилген жок же жер маселеси чечилбей жатат. Эми нааразы болгон эл митингге чыкса, чекесинен камап жатышат. Ушундай да акмакчылык болобу? Биз фракциядан карап, жетекчиликке жөнөткөнбүз. Бул маселени тез арада кароо зарыл", - деди ал.

Ошондой эле бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров Ички иштер министрлигинин орун басарынан кимдер камалганын сурады. Министрдин орун басары Курсан Асанов митингге чыккандарды камалбаганын айтты. Жабыркагандарды социалдык маселелерди чечип берем деп алдаганга шектелгендерге кылмыш иши козголуп, кармалганын билдирди.

Эске салсак, 31-мартта аталган фракция Боинг кырсыгынан жабыркагандардын маселеси тууралуу карап чыккан. Анда депутаттар Наталья Никитенко жана Алмамбет Шыкмаматов чогулган акчага көп кабаттуу үй курууну сунушташкан. "1 гектар жерди бөлүп берип, 9 кабаттуу 3 үй курса болот. Акча бар, саясий эрк керек. Ал эми ким жер тамда жашагысы келсе, алмаштырып алса болот", - деп Шыкмаматов билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан