Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Жанапилов Бекзат Амангелдиевич табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде SUPER.KG порталына баланын апасы билдирди.
Анын айтымында, туугандары Бекзатты издөө иштери улантып жатышат, милиция кызматкерлери жана куткаруучулар да баланы издөөгө жардамдашууда.
Айта кетсек, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты чыдамсыздык менен күтүп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-40.