Бишкекте жоогазын гүлдөп, жыпар жыты шаардыктарга ырахат тартуулоодо

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарында аба ырайы таң эртеден баштап жылуу. Көпкө созулган жаан тургундарды кайрадан "чээнге" кубаласа, асман чайыттай ачылып, маанайды көтөрүүдө. Эгер сиз жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүп, сагынган болсоңуз, Бишкектин борбордук аянтына бет алууну сунуштайбыз. Себеби ал жакка айдалган жоогазындар гүлдөп, айланасы жыпар жытка бөлөндү. Гүлдөгөн жоогазындарга күбө болгон тургундар бүгүнкү күнү жылмайып, кубанып, сүрөткө түшүшүүдө.

Эми быйылкы жоогазындар үзүлбөй, тебеленбей шаардыктарга көпкө чейин ырахат тартуулайт деген үмүттөбүз.

Эскерте кетсек, бул жоогазындар 2016-жылдын ноябрь айында "Жашылдандыруу-курулуш" муниципалдык ишканасы тарабынан айдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Gsuita
2017-04-19 10:50:07
Эң сонун
+2
Jyide
2017-04-19 10:59:42
Керемет!
+2
solntse95
2017-04-19 11:40:50
Бишкегими сагындым...
+2
Gupa
2017-04-19 12:11:26
Сүрөттөр сонун болуптур, молодец!
+1
Arlenchik
2017-04-19 12:31:48
Абдан сонун, суйуктуу шаарым Бишкеким!
+2
Jyldyz93
2017-04-19 12:33:51
Гүлдөй бер эркин Кыргызстаным!
+1
venera2905
2017-04-19 16:12:10
Гулдорго мыкаачылык кылбагыла. Дайыма эле уурдап же тебелеп кетишетго
+3
beiby
2017-04-19 16:48:21
Ооооу сонунго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан