"Талас шаардык мэриясынын алдындагы иш таштаган оркестрдин кызматкерлерин алып калуу аракеттери көрүлүүдө", - деп билдирди бүгүн, 19-апрелде мэр Айдарбек Жусупбеков SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, оркестрдин дирижёру Тазабек Өмүркуловдун талаптары негизсиз. Оркестрде эмгектенген бардык кызматкерлер жарым штатта иштешкендиктен 2000 сомдон ашык айлык төлөнөт.
"Алардын көбү негизинен музыкалык окуу жайларда эмгектенип, айлык алышат. Оркестрде так график менен иштешпейт, өз ара кеңешип 1 жумада 1-2 жолу гана 2 саатка даярданууга келишет. Гастролдоп алыс жактарга тынымсыз чыгышпайт, жыл ичинде ашып кетсе 10 чакты иш-чарага катышат. Мен оркестрдин ар бир кызматкери менен жеке сүйлөшүп көрдүм, арасынан 2-3өө гана нааразы болбосо, баары эле ушул шартта иштегенге макул", - дейт Жусупбеков.
Музыканттар менен сүйлөшүүдө мектептеги ордун бошотуп, оркестрге толук штатта иштөө сунушталган. Бирок көпчүлүгү бул сунуштан баш тартып, мектепте толук штатта иштөөнү туура көрүшкөн.
"Дирижёр Тазабек Өмүркулов өзү жазган чыгармаларга бизден гонорар сурап жатат. Ал 75 жашта, пенсия алат, биз колубуздан келген айлыкты чыгарып берип жатабыз. Өздөрүн ири оркестрлер менен салыштырып жатышат, аларды каржылагандардын бюджети ошончолук жакшы болсо керек. Мен деле оркестрден баш тартып, каражатты шаардагы көчөлөрдү оңдогонго жумшасам болмок. Бирок руханий азык, маданият керек деп оркестрди өзүбүзгө алганбыз. Өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 638 миң сом бөлүнгөн. Анын 425 миң сому айлыкка, 73 миңи социалдык фондго, калганы форма жана музыкалык аспаптарды жаңылаганга жумшалган. Быйыл оркестрдин жамаатын дагы 4 адамга көбөйтөбүз, жаңы аспаптарды алып беребиз деген план менен 1 миллион сом бөлүнгөн", - деп кошумчалады мэр.
Ошондой эле ал оркестр тарабай турганын, ушул шартка макул болуп иштеген жаңы курам менен ишин улантарын белгиледи. Эгер музыканттар ушул шартка чыдай турса оркестрдин келечеги жакшы болоруна ишенерин айтат.
Ал эми дирижёр Тазабек Өмүркулов учурдагы инфляцияны эске алганда, мэриядан алган айлыгына бир чоң короз араң келерин айтат.