Бүгүн, 19-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутат Кожобек Рыспаев көп балалуу эненин бир баласы соттолсо, "Баатыр эне" сыйлыгы берилбегени туура эмес экенин айтты. Бул боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ою кандай экенин сурады. “Эне 7 бала төрөп жатканда “зэк” же министр төрөйм дебейт да. Министрликтин бул тууралуу ою кандай? Наам бербеш керекпи?” - деп сурады.
Ал учурда министрдин орун басары Лунара Мамытова мамлекеттик сыйлыкты аталган министрлик бербей турганын белгиледи. Анын айтымында, жакын арада Жогорку Кеңешке Юстиция министрлиги тарабынан ушул боюнча мыйзам долбоору келет.
Парламенттеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев бул боюнча Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорунда "балдарынын бири оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобону алып салгандарын эскертти.
Эске салсак, 2016-жылы 29-июнда парламентте аталган мыйзам долбоору жактырылган. Бирок депутаттар бир баласы соттолгон энеге орден берилбей турганына каршы чыгышып, добуш берүү аркылуу бул жобону алып салышкан.
Учурда “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Анда аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичиндеги пенсионер аялдарга карата тиешелүү кошумчаны төлөп берүү жөнүндө ченемди жайылтуу сунушталып жатат.