СУПЕРСТАН: "Организмиңиз "таштандыга" толуп калса, белгилери бетиңизден билинет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Организмиңиз "таштандыга" толуп калса, белгилери бетиңизден билинет" деген тема талкууга алынган.

Темадагы биринчи билдирүү:

"Организмдеги жыйналган шлактар ички органдардын жабыркоосуна алып келет. Кээ бир ооруларды ордунан козгойт жана анын кесепетинен сырткы сулуулугуңузга да таасирин берип, жагымсыз абалга жеткирет. Төмөндө организмиңиздин "таштандыга" толуп калгандагы белгилери:

1. Эртең менен жаңы ойгонгондон баштап эле денеңиз оорлошуп, маанайыңыз жок болот жана кечке чейин абалыңыздын начарлашы жогорулай берет. Ишке болгон жөндөмдүүлүк кескин азаят. Бат эле чарчап каласыз.

2. Маалыматтарды кабыл алуу начарлап, унутчаак болосуз;

3. Себепсиз эле башыңыз ооруй берет;

4. Уйкуңуз бузулат;

5. Жан дүйнөңүз жабыркап, ачуулуу болуп чыга келесиз;

6. Териңиздин абалы начарлай баштайт. Кургайт, түлөйт, безетки чыгат;

7. Денеден жагымсыз жыт чыгат;

8. Ооздо жагымсыз жыт пайда болот;

9. Тиштериңиз ооруйт;

10. Сасык тумоо тийгендей дене табыңыз көтөрүлүшү мүмкүн;

11. Терчилдик пайда болот;

12. Ичиңизге газ көп топтоло баштайт жана ич катат.

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет.

Ичегилерди тазалоодон баштаңыз. Алгачкы күндөрү 2 даана алмадан эки маал жеп отуруп, күн сайын дагы экиден кошуп 2 килограммга чейин жегенге жеткириңиз. Мында, кофе ичүүнү токтотуп, ордуна минералдык суу же чөп чай ичишиӊиз керек. Айына бир жолу ичегилерди алма менен тазалап туруу натыйжалуу болот. Бир күндө 2 литрге чейин жаңы жер-жемиштерден сыгылып алынган шире ичиңиз. Ширени өзүӊүз каалаган жемиштен даярдасаӊыз болот. Шире менен ичегини тазалап жаткан күнү башка эч кандай азык жебешиӊиз керек. Бул ыкманы айына бир гана жолу жасаңыз.

Бөйрөк. Дарбыз жана кара нан. Тазалоонун бул түрүндө кара нан менен дарбыздан башка эч кандай тамак жебеш керек. Күндүз кечке дарбыз жана кара нан менен гана тамактаныӊыз. Мындай тазалануудан эки-үч күн өткөндөн кийин бөйрөктөгү майда кумдар жана таштар заара аркылуу бөлүнүп чыгып баштайт. Эгер бир жумада бул процессти байкабасаңыз, тазалоону дагы 2-3 жума кайталаңыз. Организмдеги кумдардын бөлүнүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп ынангыңыз келсе, анда атайын идишке заара ушатыңыз.

Кан тамырлар. Кан тамырды тазалоо менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Бул ыкма аркылуу организмди жашарта алабыз. Тамырлар тазаланган соң кан айлануу жакшы иштеп, ар бир клетка таза кан менен азыктанып, натыйжада терини, тырмактарды, чачты бекемдейт. Малинанын, карагаттын жана ит мурундун кургатылган жалбырактарын кошуп чай демдеӊиз. Ит мурундун мөмөсү жүрөктү жакшы иштетет, токсиндер менен шлакты айдап чыгып, организмдеги холестериндин деӊгээлин азайтат. Ит мурундун жалбырагынын ордуна мөмөсүн колдонсоңуз да болот.Сарымсактын 3 тишчеси менен 2 лимондун кабыгын эт туурагычтан өткөрүп майдалап, ага 1 килограмм бал, 200 грамм зыгыр майын кошуп аралашма даярдайсыз. Даяр болгон массаны айнек идишке салып муздаткычка коюп коёсуз. Эми андан бир күндө үч жолу бир аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда жеш керек. Мындай аракет аркылуу сиз кан-тамырларыӊызды тазалоо менен бирге, жаштыгыӊызды сактай аласыз.

Боор. Боорго шлак толуп калганда бетке безеткилер чыга баштайт. Боорду тазалоону ичегилерди тазалап бүткөндөн кийин баштасаңыз жакшы натыйжа берет. Мындай аракетте кан тамырлар жана өт да кошо тазаланат. Бул органды тазалоонун алдында эт, жумуртка жана сүт азыктарын рационуңуздан азайтып же алып салыңыз. Алардын ордуна жашылчалардан жасалган салат колдонсоңуз болот. Бир күндө 2 килограммга чейин табитиӊизге жакын жашылчаларды жеӊиз. Бул күнү жашылчалардан башка тамактарды токтотуп коюӊуз. Бир гана газдалбаган суу ичсеңиз болот.

Салат. Салаттын курамын сабиз, түстүү капуста, болгар калемпири, редиска, жашыл алма, кызыл кызылча, бадыраң жана аш-көктөр түзөт. Бул жашылчалардын баарын туурап, зайтун майы менен аралаштырып, татымына жараша туз кошосуз. Даяр болгон салатты ар эки саат сайын жеп, кадимки тамак катары кабыл алыӊыз. Бул ыкманы ар эки күндө бир кайталасаңыз натыйжалуу болот.

Күнүңүздү бир аш кашык зайтун майын ичүү менен баштаңыз. Майды эртеӊ мененки тамактануудан жарым саат мурун ичиӊиз. Мындай тазалануунун натыйжасын бир жумада эле байкасаңыз болот. Жүзүӊүз жылмакай тартып, жумшарып калат. Зайтун майы жок болсо ордуна зыгыр майын колдонсоңуз болот. Бул майды шаарыбыздын бардык дарыканаларынан таба аласыз. Бир ай май ичип, экинчи айда эс алып турсаӊыз болот. Бул ыкма сиздин бооруңуздун жакшы иштешине жардам берет.

Организмди ар дайым таза алып жүрүүнү каалсаңыз, анда:

1. Таттуу, майлуу жана ундан жасалган азыктарды чеги менен кабыл алуу зарыл;

2. Майлуу эмес эт жана балыкты жумасына бир жолу гана жегенге болот;

3. Өтө тоё тамактанып алгандан алыс болуу кажет;

4. Бир күндө 2-2,5 литрге чейин газдалбаган суу ичүү зарыл;

5. Жашылча-жемиштерди дайыма жей жүрүү талапка ылайык;

6. Ар дайым кыймылда болуу маанилүү".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhykyo
2017-04-19 14:57:30
Ошо баш эле ооруйт да настан го деп журсо
0
anuvar0903
2017-04-19 15:07:35
менин да бетиме безеткилер калдар толуп кеткен эле баары туура чыкты жадаа калса ооздон да жагымсыз жыт чыга баштаган болчу
0
kamchatka
2017-04-19 19:31:39
anuvar0903,азыр жакшы элесинби
+1
rahat97
2017-04-19 15:22:07
100% кошулам туура жазылган
0
aselka79
2017-04-19 16:58:40
Жакшы кенештер экен! Рахмат.
0
Drongo
2017-04-19 20:16:27
Зыгыр майы,орусчага которгондо кандай айтылат.
0
Leilektik
2017-04-20 06:06:26
Drongo,зыгыр майы-льяное масло,зайтун майы-оливковое масло болот
0
altyn2015
2017-04-19 21:18:05
Жакшы кенештер экен! Рахмат!
0
Kroxa
2017-04-19 23:16:42
Туура тазалаш керек ичегилерди..
0
solntse95
2017-04-19 23:22:04
Жакшы кенештер экен. Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан