Балыкчы шаарында 17-апрелде саат 10:15те Абдылдаев атындагы №3-мектептин 12 окуучусу белгисиз газга ууланып "Тез жардам" кызматы менен ооруканага түшүшкөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын бирине биринчи жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга коё берилген.
"Окуучулар дем жетпей, төштүн ич жагы ооруп, тамагы ачышып, баштары ооруп, айланып жатканын айтышкан. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүнө, бешөө травматология, экөө терапиялык бөлүмгө жаткырылышкан. Бишкек шаарындагы таксиколог менен сүйлөшүүлөр болуп, дезинтоксикациялык дарылоо каралган", - деп жазылат маалыматта.
18-апрелде жандандыруу бөлүмүндө жаткан 5 окуучу хирургия бөлүмүнө которулуп, дарыланууну улантып жатышканы белгилүү болду. Алар дары-дармектер менен камсыздалышууда.
"Учурда баарынын абалы туруктуу, дарылоо улантылууда", - деп кошумчалашты министрликтен.
Ички иштер министрлиги окуучулар ачуу (перцовый) аэрозолго ууланышы мүмкүн экенин билдиришкен.