Кыргыз Республкиасынын Өкмөтү коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү боюнча жигердүү иш алып барууну улантууда. Бул тууралуу 19-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө Казакстан жана Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара участкаларындагы делимитация жана демаркация процесстери толук аягына чыккан.
"Өзбекстан менен мамлекеттик чек арадагы 1379 чакырым жалпы участоктун 1054 чакырымы чечилген. Ошондой эле буга чейин Өзбекстан Республикасынын аймагына катталган 21 объект Кыргыз Республикасына юридикалык түрдө кайтарылган. Мындан сырткары Тажикстан менен да чек араларды тактоо жана аныктоо иштери активдүү жүрүп жатат. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы аянты 970 чакырым участоктун бүгүнкү күндө 519 чакырымы аныкталган", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 2017-жылдын 10-20-апрель күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча жолугушуулар болору кабарланган.