Жогорку Кеӊеште бүгүн, 19-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына которуу демилгеси каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиеванын айтымында, азыркы учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашат. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга мыйзамдын негизинде айыл макамын берүү зарыл.
"Алардын катарына Баткен облусундагы Максат, Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргө, Улуу-Тоо сындуу конуштар кирет. Андан сырткары Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Жезкен конуштарынын тургундары да жыйын өткөрүп, аларга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан", - дейт Эгамбердиева.
Эгер аталган беш калктуу конушка айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлөрү айтылды.