Кыргызстанда 2012-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 14 миңден ашуун жаран катталган. Алардын 70 пайызы айыл жергесинде жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Алардын 92 пайызы эмгекке жарамдуу курагында, ал эми 45 пайызы аялдар.