Апрель Украинаны калың карга бөлөдү

19-апрель түнү Украинанын бир канча облусуна калың кар түштү. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Харьков, Днепр, Запорожье, Львов жана башка шаарлар карга бөлөнүп турат.

Жергиликтүү синоптиктер бүгүн түнү Черновицк, Полтавск, Ивано-Франковск, Львовск, Харьковск и Днепропетровск облустарына калың кардын жаашы мүмкүн экенин болжолдошууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык жарандарды жеке унаасы менен жол жүрбөй турууга чакырууда. Жашоочулар болсо апрелдеги калың кардын жанында сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга жарыялоодо.

Харьковдо кар жаады 19.04.2017
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asylai88
2017-04-19 15:52:27
Биздин Кыргызстанга жаагандай 1-1,5 метр жааса эмне болушмак экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан