Бүгүн, саат 13:00дөрдө Ноокен районундагы Сакалды, Арал жана Черёмушки айылдарын сел каптады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Тентек-Сай суусу жээктен чыгып, айылдардагы үйлөрдү, жолдорду, эгиндерди суу каптады. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айыл өкмөттөр техника менен иштеп жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.