Базар-Коргондо салатка ууланган бейтап: "Көпчүлүгү кусуп, ичи өтсө да, ууланганын билбей дары ичип жүрө беришиптир"

Базар-Коргондогу Могол айыл өкмөтүндө кыз узатуу тоюнда салатка ууланып ооруканага түшкөн тургундардын учурда абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу атын атагысы келбеген бейтап SUPER.KG`ге билдирди.

"Тойго чакырылган конокторго фунчёза салаты даярдалган экен. Алгач ооз тиерде эле жыты мурдумду жарып кетти. Ошончо элдин көзүнчө жебей, ооздон чыгарып салуу адепке сыйбайт эле. Ошондон баары башталып кетти.

Көпчүлүгү кусуп, ичи өтсө, ууланганын билбей дары ичип жүрө беришиптир. Азыр бири жакшы болуп кетсе, башкасы келип, дарыланып жатышат. Дарыгерлер баарын карап, көзөмөлдөөдө. Анализ тапшырып, жакшы болгондору үйүнө жиберип жатышат. Ошондой эле дарыгерлер той болуп өткөн айылга барып, тургундардын ал-абалы менен таанышып, текшерүү иштерин жүргүзүштү", - дейт бейтап.

Белгилей кетсек, 18-апрелде жергиликтүү ооруканага 22 адам салатка ууланып түшкөнү маалымдалган. Ал эми бүгүн уулангандардын саны 33кө жеткени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан