Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жамангулов Патрулдук милицияны түзүүдөн жакшы жыйынтык чыкпай жатканын, жол кырсыктары азайбаганын белгиледи.
"Мамлекеттик авто инспексияны Патрулдук милиция деп өзгөртүүгө 513 миллион сом сарпталган. Ага автоунаалар, атайын кийимдер алынган. Бирок кырдаал өзгөргөн жок, жол кырсыктары катталып, өмүрлөр кыйылып жатат. Патрулдук милиция кырсыктардын алдын албай кайсы бир имарат, бак-дарактардын артына жашынып элден акча сурап жатат. Патрулдук милициянын кебетеси ушул болууда. Ким көзөмөлдөйт? Жыйынтык чыкпаса тиешелүү чара көрүш керек", - деди депутат.