Бишкектеги Жал кичи районундагы шыбагы түшкөн үйдүн сырты толугу менен кайра жасаларын бүгүн, 19-апрелде Мамэкотехинспекциянын башкы инспектору Таалай Ашырбаев SUPER.KG порталына маалымдады. Анын айтымында, турак жай ээлеринин биримдиги азырынча үйдү өзүнө өткөрүп ала элек болгондуктан, үйдү курдурткан "Омега Строй" ишканасы кайра калыбына келтирет.
"Биз үйдү текшерүүгө алып, турак жайды курдурган ишканага калыбына келтирүүнү айтканбыз. Алар үйдүн сыртындагы шыбакты толугу менен түшүрүп, сары таш курулуш каражаты менен каптап берүүнү убадалады. Бул курулуш каражаты кооз жана сапаттуу, жумуш жакын арада башталат. Эгерде бир жылдын ичинде көтөрмө ишкананын жасаган жумушунда ушундай катачылык 2 жолу кайталанса, биз Мамлекеттик курулуш департаментине лицензиясын карап чыгуу боюнча сунуш кат жөнөтөбүз", - дейт Ашырбаев.
Ал белгилегендей, шыбак курулушчулар кетирген катачылыктан түшкөн. Үйдүн сыртын шыбап жатканда ички курулуш каражаты менен шыбактын ортосунда жел калган. Катуу жаан жааганда сырткы каражат нымдашып түшүп кеткен.